• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абалды туруксуздаштыруу аракети. Же жылдап чогулган жетишкендиктерди кантип тез арада жокко чыгарса болот

Аналитика 0

Интернетте кечээ кармалган “оппозиционерлердин” жарандык активисттердин массалык акцияларын уюштуруу маселесин талкуулаган сүйлөшүүлөрү пайда болду. Анда алар өткөрүлө турган митингдерди гана эмес, маалымат майданындагы аракеттердин дагы деталдарын талкуулашкан. Башкача айтканда, Кыргызстанда коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон зордук-зомбулук жана идеологиялык мүнөздөгү аракеттер планы тууралуу сөз болууда. А бул эмне – демократиябы же кутумбу?

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов дагы ушул суроону берди. Ал төмөнкүдөй жыйынтыккка келди: “Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Дүйшебаев алардын максаты төңкөрүш уюштуруу экенин ачык айтып жатат. Ал айтат: “Же биз аларды камайбыз, же алар бизди”.

Байсалов муну демократияга каршы кутум деп эсептейт. “Бул Конституцияга жана элге каршы чыгуу. Демократияга каршы жасалган аракеттин фактысы ачык эле көрүнүп турат. Анан аларды колдоп бул жерде чогултуп жаткандарыңардын сөз эркиндигине эч кандай тиешеси жок”, - деген пикири менен бөлүштү ал.

Акыркы окуяларга адаттагыдай эле көз карашы бүдөмүк Феликс Кулов дагы тигил жагынан да, бул жагынан да катуу жооп кайтарды. Мурдагы премьер-министр бир нече маанилүү ойлорду айтты:

  1. “Ачык айтайын, менде аталган комитеттин (ред.: Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети) бардык эле мүчөлөрүнө карата симпатиям жок, алардын айрымдарын толкун менен кошо өздөрүнүн кызыкчылыгын чечүүгө аракет кылган анык популист деп эсептейм. Аттарын атабай эле коеюн, анткени кийин убактымды коротуп, алардын доо арыздарына жооп бергим келбейт.
  2. “Башка жол жок жана болушу дагы мүмкүн эмес, ар түрдүү революция жана төңкөрүшкө чакырууларга мен биринчилерден болуп каршы чыгам. Анын үстүнө, айрым оппозиционерлерге карата сыйым болгондугуна карабай саясатты бир аз түшүнүп, элдин маанайын бир аз болсо дагы билген адам катары, мен ишенимдүү түрдө айтам: бүгүн алар үчүн эч ким баррикадага барбайт”.
  3. “Кандай революция – төңкөрүш болбосун азыр глобалдык каатчылык шартында жана катаал геосаясий абалда – мамлекетибиздин талкаланышына, мамлекеттүүлүктүн жоголушуна, элдин биротоло жакырланышына алып келет. Бийлик алмашуунун бардык процесстери цивилизациялуу, Конституцияга ылайык өтүшү керек”.

Анын пикиринде, эмки төңкөрүш бир эле учурда Кыргызстандын ондогон жылдар бою топтогон бардык нерсесинен ажырап калышына алып келиши мүмкүн.

Саясий серепчи Марс Сариев дагы ушундай эле ойду айтты. “Тышкы күчтөр активисттерди жана бейөкмөт уюмдун мүчөлөрүн “торпеда”, ал эми Кемпир-Абадды негизги чекит катары колдонушууда. Алардын максаты Кыргызстанды Өзбекстан менен уруштурууга барып такалат жана чек ара маселеси чечилбей турушу үчүн чыңалуу абалын түзүү. Келечекте бул биздин аймактагы геосаясий кырдаалды бир топ өзгөртө турган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун токтотушуна алып келиши мүмкүн. Бул долбоорду бузууга жана Борбор Азия аймагын туруксуздук очогуна айландырууга кызыкдар болгон геосаясий оюнчулар бар. Башкача айтканда, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга дагы бир туруксуздук кошулду.

"Марлезон балетинин" экинчи актысы активисттер менен блогерлердин камалышын шылтоо катары пайдаланып, нааразылык акциясына чыккан электоратты күчөтүү аракети болушу мүмкүн. Ошентип, кыштын алдында аба ырайы мүмкүнчүлүк берип турганда Кыргызстанда туруксуздукка алып келүү, төңкөрүш жасоо планы түзүлдү. Мен массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалгандар чындыгында эле абалды солгундатып, бийликти басып алмак деген ойдон алысмын. Аларды көмүскө, патриоттук риториканын коштоосунун астында колдонушту. Мен сырттан келген драматургдардын арасында камакка алуулар камактагылардын айланасында шейиттердин образын жаратат жана бул мындан ары туруксуздаштыруунун фактору катары колдонулушу мүмкүн деген күтүүлөр болгон деп эсептейм”, - деди Марс Сариев.

Пикир

Оставить комментарий