• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Ала-Арча дарыясын тазалоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.06.23. /Нурзат Жумалиева — Кабар/."Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасы Ала-Арча дарыясынын ичин жана жээгин тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, тазалоо иштери Малдыбаев көчөсүн бойлой Скрябин көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Аталган тилкеде дарыянын жээгинде куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыюу, камыштарды жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери аткарылууда.

"Мындай тазалоо иштер 10 жылдан бери биринчи жолу жүргүзүлүп жатат", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Тазалоо иштеринен соң Ала-Арча дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт. Мэрия шаардыктарды каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранат.

Эске салсак, 25-июнда Бишкекте Дарыя Fest-2023 фестивалы өтөт. Аны өткөрүү үчүн активисттер “Азия Молл” соода борборунун артындагы Ала-Арча дарыясынын кароосуз калган жээгин коомдук жайга айлантышат. Уюштуруучулардын айтымында, ал жерде стрит-арт зонасы пайда болуп, стол оюндары, лекторий, ошондой эле мастер-класстар жана жарманке өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий