• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте атасы менен ооруканага келген өспүрүм кыз дарыгердин кабылдамасында көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бишкекте дарыгерге көрүнгөнү келген өспүрүм кыз бейтапканада көз жумган. Аталган фактыны “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрда милицияга №8 бейтапканада өспүрүм каза болгондугу тууралуу билдирүү келип түшкөн. Азыркы учурда тиешелүү болгон бардык экспертизалар дайындалган, иликтөө жүрүп жатат.

“Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 15-16 жаштагы өспүрүм невропатологго атасы менен келген. Дарыгер ага ийне сайган соң, ал каза болуп калган.

“Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз”, - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий