• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бадминтонду мектеп программасына киргизүү маселеси иштелип жатат

Спорт 0

Бишкек, 02.08.22. /Кабар/. Бишкекте бадминтонду мектеп программасына киргизүү маселеси иштелип жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын Спорт, маданият, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов Азияда жана Дүйнөдө бадминтонду өнүктүрүү боюнча федерациясынын директору Сем Сембензен менен жолугушту.

Белгиленгендей, федерация азыр Shuttle Time программасын ишке киргизүү менен иш алып барууда. Аталган программа бадминтон оюну боюнча тренерлерди окутуп-таптоого негизделген. Азыркы тапка Shuttle Time программасын 140 өлкө кошулду.

Жолугушууда тараптар узак мөөнөттүү негизде эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мирлан Парханов өз сөзүндө, шаарда спорттун бул түрүн жайылтуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын белгиледи. "Шаарда оюн өткөрүү үчүн 5тен ашык зал болсо, анын бирине 12 корт жайгашкан", - деп кошумчалады ал.

Борбор калаанын көптөгөн мектептеринде бадминтон секциялары бар, бирок азыр бадминтонду мектеп программасына киргизүү маселеси КР Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте иштелип жатат.

Пикир

Оставить комментарий