• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте болгону бир ресторан санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет – тизме

Коом 0

Бишкек, 07.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте жападан жалгыз ресторан санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет, - деп билдирет Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2018-жылдын 1-апрелинен тартып коомдук жайлардагы тамактануу жерлериндеги коопсуздук деңгээли жөнүндө коомчулукту маалымдоо системасы күчүнө кирген. Мындан улам, текшерилген жерлерге 3 түстөгү стикер берилет. Жашыл өң – талаптарга туура келет, сары – бир аз жакшыртуу керек, кызыл өң – кыйла жакшыртуу керек.

Сары өңдү " Салкын-Төр", " "У Абики", "Гренки", "Империал", "Кореана фемили", АУЦАнын "Жасмин" ашканасы, "Завод Паб", "Натанс" фастфуду, "Империя пиццы", "Вавилон", "Зам Зам" ашканасы, "Енесай", Улуттук филармониянын ашканасы "Айкөл", "Жибек Жолу", "Ванила скай", "Фаиза", "Жыргал" тамактануу жери, "Салтанат", "Штайнброй", "Одиннадцатый", "Уста" ашканасы, "Сошиал коффе", "Для вас", "УНО", "Хан" чайканасы, "Май Шиша", "Белла Италия", "Урбан", "Бургер Клаб" фастфуду, "Европа", "Тукано коффе" кофе ичүүчү жай, "Додо пицца", "Тесто-место" ашканасы, "Кыргызбай" чайханасы, "Голден Тулип", "Горы Азии-2", "Кара-Суу" чайхана, "Сайран", "Кут Ордо", "Плаза", "Дамас", "Тай-Казан", "Сере", "Парк Отель", "Кевсер", "Пан Азият" чайканасы, "Таш Рабат", "Улуу Тоо" чайканасы, "Бар 12", "Чынара", "NY пицца", "Бай Суу", "Фрунзе" ашканасы, "Шафран" чайханасы, "Золотой дракон", "Зе Мост", "Жаннат", "Ала Тоо", "Мансур", "Папа Джонс", "Ожак Кебаб", "Барашек", "Мадина", "Мустафа", "Таксим бир туугандар", "Ак Бата" чайхана, "Ыр Кесе", "Зольден Бир", "Циклон", "Тайм-аут", "Белый аист", "Джем", "Наават" чайхана, "Арзу", "Азия Арт", Улуттук банктын ашканасы алышты.

Жападан жалгыз жашыл өңдү 7-кичи районундагы ресторан алды.

Калган жазылбаган тамактануучу жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербейт.

Пикир

Оставить комментарий