• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатышты. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында «Кыргыз кино кереметинин» негиздөөчүлөрүнүн бири, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатышты.

Маркум менен коштошуу үчүн анын туугандары, жакындары, достору, санаалаштары жана шаар тургундары келишти. Андан тышкары, коштошуу жөрөлгөсүнө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, депутаттар жана маданияттын өкүлдөрү катышып, көңүл айтуу сөздөрүн билдиришти.

Ал эми президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун көңүл айтуу кайрылуусун окуп берди.

Анда: «Бүгүн СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, залкар режиссёр Болот Шамшиевди түбөлүк сапарга узатып жатабыз. Ал керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды. Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун „кереметин“ түзгөн өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Болот Шамшиевдин режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды. Болот агабыз кыргыз тарыхын, айрыкча „Манас“ эпосун терең изилдөө үчүн олуттуу иштерди аткарды. Ал „Манас“ эпосуна жөн гана эпикалык чыгарма эмес, биздин дүйнө таанымыбыздын уңгусу, ыйык феноменибиз катары мамиле кылды. Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти.

Кыргыз өңүн ааламга тааныткан режиссер катары Болот Шамшиевдин жаркын элеси элибиздин эсинде калат.

Кош Болот Төлөнович! Кыргыз эли сиздин эмгегиңизди эч убакта эсинен чыгарбайт!

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!», - деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Эске салсак, Болот Шамшиев катуу оорудан кийин 2019-жылдын 21-декабрында 78 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты.

Пикир

Оставить комментарий