• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте үч тилде окута турган үй тибиндеги бала бакча ачылды

Билим 0

Бишкек, 01.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги “Edu kids” балдар бакчасы ачылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мында билим берүү кыргыз, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.

Үй тибиндеги балдар бакчасынын ачылышына Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, ата-энелер жана балдар катышты.

Нурзида Касымова балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн министрлик үй тибиндеги бала бакчалардын санын көбөйтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Үй тибиндеги бала бакчанын негиздөөчүсү Зарема Исмаилова "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында толук окуу курсунан өтүп, жеке ишкер катары катталган.

Пикир

Оставить комментарий