• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КР президентине караштуу Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыш боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Өлкөнүн чегинен тышкары жашаган мекендештерге өз ара аракеттенүүнү жана натыйжалуу колдоо көрсөтүүнү арттырууга багытталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катышты.

Белгилей кетсек, бул Кеңеш мекендештер менен мамлекеттик органдардын ортосунда көпүрө катары кызмат кылып келет.

Кеңеш чет өлкөдөгү мекендештердин жашоосун жакшыртууга жана алардын Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышуусуна өбөлгө түзүүчү маселелерге өзгөчө көңүл бурат. Алардын тажрыйбасы жана билими өлкөбүздүн бардык жарандары үчүн бакубат келечекти түзүүгө умтулууда негизги ролду ойнойт.

Кеңештин алдындагы жыйындын күн тартибине Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүүгө мекендештердин күч-аракеттерин бириктирүү маселеси киргизилген. Чет өлкөдөгү мекендештер менен күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бул кадамдар жаңы инновациялык долбоорлорго жана экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө түрткү болот.

Ошону менен бирге Кеңештин жыйынынын негизги максаттары Кыргыз Республикасынын региондорун, атап айтканда, социалдык, инфраструктуралык, IT жана экономикалык чөйрөлөрдө колдоо жана өнүктүрүү үчүн өлкөдөн тышкары жүргөн мекендештердин потенциалын ишке ашырууга багытталган.

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдардын жана Кеңештин мүчөлөрү үчүн конкреттүү максаттар жана милдеттер, аларды аткаруу үчүн иш-чаралардын планы аныкталып, ошондой эле мекендештердин өз ара аракеттенүүсүнүн жана алардын өлкөнү өнүктүрүүгө катышуусунун ар кандай аспектилери боюнча сунуштар киргизилди.

Белгилесек, кечээ борбор калаада «Мекендештер-2023» форуму өттү, ага ар кыл тармактарда долбоорлорду ишке ашырып, Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө салым кошууну көздөгөн мекендештер катышкан. Форум мекендештерди бириктирүүгө жана колдоо көрсөтүүгө, өлкөнү өнүктүрүү маселелери боюнча үзгүлтүксүз диалог түзүүгө өбөлгө берүүчү салттын ажырагыс бөлүгүнө жана аянтчасына айланууда.

Пикир

Оставить комментарий