• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дагы 3 күндүзгү стационар ачылды

Коом 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Бишкекте дагы 3 күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кошумча стационарлар “Ак-Босого” конушундагы №81 мектепте (40 орун), “Ак-Ордо” конушундагы №96 мектепте (30 орун) жана “Аламүдүн-1” кичирайонундагы №38 мектепте (50 орун) ачылган.

“Алар жарандарды кабыл ала баштады”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда шаарда 9 күндүзгү стационар иштеп жатат.

“Урматтуу шаар тургундары эгерде сизде КРВИнин жеңил түрү болсо, сиз күндүзгү стационарларда эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин укол, тамчылатма дары, дарыгерлерден кеңеш ала аласыз. Ал стационарлар катуу ооруган бейтаптарга ылайыкталган эмес”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий