• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дарактардын оорулары жана аларды дарылоо жолдору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Бишкекте дарактардын оорулары жана аларды дарылоо жолдору талкууланды

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрияда "Бак-дарактардын оорулары жана аларды дарылоонун жолдору" деген темада тегерек стол өтүп, ага мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев, Ленин жана Октябрь райондорунун акимдери, ошондой эле энтомология, фитология жана агрономия тармагынын адистери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар бак-дарактарды зыянкечтерден коргоо жолдорун, ошондой эле борбор калаада жашыл аймактарды жана ирригациялык системаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Айрыкча жашыл аянтчалардын өзүнүн кызмат мөөнөтү бар экендигине өзгөчө көңүл бурулуп, УИАнын жана Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын агрономдору жана "Арча" коомдук фондунун адистери жашыл аянттардагы бак-дарактардын басымдуу бөлүгү 70-жылдары отургузулганын жана бак-дарактардын жашоо мөөнөтү өткөндүгүн белгилешти.

Учурда жашылдандыруучулардын алдында эски жашыл өсүмдүктөрдү жаңы көчөттөр менен алмаштыруу маанилүү милдет турат. Маселен, Ч.Айтматов жана Тынчтык проспектисинин боюндагы 1970-жылдары да тигилген теректерди энтомологдор менен агрономдор өзгөчө белгилешти.

Мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев бул маселе боюнча муниципалдык, мамлекеттик жана жеке уюмдардын бирдиктүү иш алып баруусу зарыл жана маанилүү экенин белгиледи.

Бишкектик студенттердин жана мектеп окуучуларынын жардамы менен жашыл аянтчаларды инвентаризациялоо процессин жакшыртуу жана тездетүү зарылчылыгы да белгиленди, бул боюнча Билим берүү министрлиги менен биргеликте иш жүргүзүлөт.

Ошондой эле адистер жашыл фондун абалын изилдөө маселесин жана жашыл аймактарды сактоо жана өнүктүрүү боюнча сунуштарды көтөрүштү.

Мэрдин орун басары бир катар тапшырмаларды берди: жакынкы аралыкта шаардык кызматтардын жана активисттердин биргелешкен аракети менен 1 көчө 1 дарактын түрү, 1 сейил бак 1 дарактын түрү (мисалы, эмен паркы) мисалында жашылдандыруу планын иштеп чыгуу жана шаардагы жашыл мейкиндиктердин жашоо көрсөткүчүн эске алуу менен шаарга багбанчылыкты киргизүү зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле Жыргалбек Шамыралиев тарабынан "Бишкекбашкыархитектура" мекемесине "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды жашылдандыруу планын иштеп чыгууга активдүү катышууну тапшырды.

Тегерек столдун жыйынтыгында мэрдин орун басары өкмөттүк унаа жолдун санитардык абалын текшерүү боюнча өз оюн айтып, борбор калааны жашылдандыруу концепциясы менен тыгыз иш алып баруу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий