• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте «Ден соолук веложүрүшү» болуп өттү

Коом 0


Бишкек, 30.08.20. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 30-августта «Ден соолук веложүрүшү» болуп өттү. Ага ар кандай курактагы 300гө жакын адам катышты.

Веложүрүш «Адинай» жаңы паркынын түндүк тарабынан башталып, катышуучулар Ч.Айтматов проспектиси менен жогору чыгып, «Орто-Сай» айылына чейин барды. Ал жактан Байтик-Баатыр жана Токомбаев көчөлөрү менен түшүп, иш-чара башталган жерге келишти. Веложүрүштүн жалпы узундугу 10 чакырымды түздү.

Велосипедчендер колоннасын Бишкек мэри Азиз Суракматов баштады. Шаардык муниципалитеттин башчысы катышуучулар менен саламдашып, бишкектиктерди келе жаткан Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн велоколоннанын ичинде аралык 1,5-2 метрге сакталып, велосипедчендерди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо шаардык башкармалыгынын үч унаасы жана тез жардам кызматынын бир унаасы коштоп жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий