• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дзюдо боюнча республика чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Бишкектеги "Газпром балдарга ден соолукту чыңдоо" борборунда дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты башталды.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, мелдештин биринчи күнүндө татамиде төмөнкү салмак категорияларында беттештер өтөт.

  • кыз-келиндер арасында — 48, 57, 70 кг;
  • эркектер арасында — 60, 73, 90, +100 кг.

Чемпионат эки күнгө созулат — 27-28-январь.

Белгилей кетсек, беттештер УТРК спорт телеканалында түз эфирден көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий