• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эл аралык Россия ЖОЖнун көргөзмө-жарманкеси өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Бишкекте кечээ, 4-апрелде Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында РФнын билим берүү уюмдарынын V “Бишкек-2018” көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу “Москва классиктери” коомдук фондунун жетекчиси Ольга Фралова билдирди.

Кыргызстанга Россиянын ар кайсы шаарларынан 14 окуу жайдын өкүлдөрү келишкен.

Көргөзмөдө Москва, Новосибирс, Хабаровск, Курск жана бир катар Россиянын аймактарынан келген окуу жайлар катышууда.

Бул иш-чара 6-апрелге чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий