• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эпидабал курч бойдон калууда. Өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 195 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 195 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 177 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 18 учур.

“Ленин району – 32, Биринчи май району – 31, Октябрь району – 56, Свердлов району – 44 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 32 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 134 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан”, - деди ал.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 31 адам жаткырылып, 164 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Пикир

Оставить комментарий