• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте фонтандар оңдолуп, көчөлөр жарыктандырылууда

Коом 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Бишкекте фонтандар оңдолуп, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу борбордук мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 11 кызматкери Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарда пландык текшерүү жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми “Революция баатырлары”, “Ала-Тоо” аянтындагы фонтандар оңдоодон өттү.

“Пландык капиталдык оңдоп-түзөө иштери жайкы аптапта фонтандар үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн жылда жүргүзүлөт. Биздин фонтандар салтка айлангандай дайыма май айында иштеп баштайт. “Тазалык” ишканасынын менчигинде 16 фонтан бар”, - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, “Бишкексвет” муниципалдык ишканасы тарабынан Тюмень көчөсүнүн бир бөлүгүн жарыктандырылган.

“Биздин кызматкерлер 35 заманбап жарыктарды орнотушкан. Ошондой эле буга чейин “Красный строитель” конушу жарыктандырылып, 14 заманбап жарык орнотулган”, - деп билдиришти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий