• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте ири жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда саат 16:20 чамасында Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө КамАЗ, “Хонда Фит” жана №106 маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам жабыркаган, бир бала оор абалда ооруканага жетирилген.

Учурда жеринде тиешелүү иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий