• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте IV Эл аралык россиялык ЖОЖдордун көргөзмө-жармаңкеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинде 6-апрелде IV Эл аралык россиялык ЖОЖдордун көргөзмө-жармаңкеси өтөт.

ЖОЖдун басма сөз борборунан билдиргендей, ага Москва, Санкт-Петербург шаарларынын, россиялык аймактарындагы, ошондой эле Кыргызстандын алдыңкы университеттери катышат.

“Алардын көпчүлүгү абитуриенттерди кабыл алуу жана бүтүрүүчүлөрдү квалификациялуу даярдоодо алдыңкы орундарда турушат. Заманбап дисциплиналар аралык билим берүү мүмкүнчүлүгүнүн аркасында болочок адистер бул жерде өз потенциалдарын толук кандуу ишке ашыра алышат”, - деп белгилешти КРСУдан.

Жармаңкенин алкагында кесиптик Бишкектин жана Чүй облусунун мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына багыт берүү жолугушуулары, бет ачарлар, предметтик тест жана жеке консультациялар өткөрүлөт. Болочок студенттер бардык маалыматтарды И.И.Ползунов атындагы Алтай мамлекеттик техникалык университетинин, Кубан мамлекеттик агрардык университетинин, Москва физика-техникалык институтунун, “МИФИ” Улуттук изилдөөчүлүк ядролук университетинин, Санкт-Петербург улуттук изилдөө университетинин жана башка россиялык ЖОЖдордун өкүлдөрүнөн ала алышат.

Бул иш-чара КРдагы Росскызматташуу Өкүлчүлүгүнүн жана “Москва классикасы” коомдук фондунун катышуусунда өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий