• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына жана Комуз күнүнө арналган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 10.09.23. /Кабар/. Бишкекте 9-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Комуз күнүнө карата залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара алгач К.Орозовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналып даярдалган сүрөт көргөзмө жана даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды.

Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чаранын башында президент Садыр Жапаровдун комуз күнүнө жана К. Орозовдун 140 жылдыгына карата атайын куттуктоосун окуп, андан соң кыргыз элинин улуттук асапабы болгон комузду ушул күнгө сактап келген кыргыз элинин бай маданияты, аны сактоого болгон аракеттер, залкар комузчулар, усталар тууралуу кайрылуу жасап, кыргыз кыргыз болуп турганда комуз күүсү өчпөй турганы, аны сактоого болгон аракеттер күчөтүлө турганын айтып, келген меймандарды жана кыргызстандыктарды комуз күнү менен куттуктады.

Ал эми министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев комуз күнүнө жана К.Орозовдун 140 жылдыгына карата өтө турган ири- чаралар тууралуу маалымат берип, жакынкы арада Маданият министрлиги комузчулар арасында жана К.Орозов боюнча илимий изилдөөлөр үчүн сынак жарыялай турганын айтып, анын туулган жери Ысык – Көл районудагы Корумду айылында салтанаттуу иш- чара өтөөрү тууралуу маалымдады.

Андан соң СССРдин жана кыргыз эл артисти Самара Токтакунова эл артисттери Намазбек Уралиев, Зайнидин Иманалиев баштаган бир катар өнөр ээлери, Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестри, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын комузчулар ансамбли, М. Күреңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын ансамбли, П. Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектебинин “Нуска” комузчулар ансамбли, “Акак”комузчулар ансамбли жана жаш комузчулардын катышуусунда концерт тартуулады.

Атайын даярдалган салатанат, ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын “Илим жана билим” каналы, УТРК “Маданият” жана УТРК “Чүй” каналдары аркылуу түз эфирде чагылдырылды.

Пикир

Оставить комментарий