• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШК жарандарды Ленин районундагы шайлоого активдүү катышууга чакырат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда саат 08:00дө No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоо башталды. Бул шайлоого 24 талапкер катталган, анын 19у эркек, 5и аял. Шайлоочулардын саны 127 239 адамды түздү.

БШКнын «Электрондук талапкер» порталы (www.talapker.shailoo.gov.kg) шайлоочуларга талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддору жөнүндө маалыматтар менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекет тарабынан талапкерлерге «Кабар» агенттигинин сайтында жана «Эркин-Тоо» гезитинде акысыз платформалар, ошондой эле УТРК телеканалында жеке сөз сүйлөөгө жана 2023-жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрына чейин теледебаттарга катышууга убакыт берилди.

Ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмелери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан алфавиттик тартипте “Тизме” мамлекеттик порталында (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылган.

Сиз шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү кошумча тактасаңыз болот:

- 1255 же 119 кыска номурлары аркылуу;
- шайлоо участкасында;
- “tizme.gov.kg” сайтында.

No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары саат 20:00гө чейин 51 шайлоо участкасында добуш бере алышат.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарынын Ленин районунун шайлоочуларын No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайталап шайлоого активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий