• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 21ге жетти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 21ге жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, аларга президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы үч талапкер арыз тапшырды.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин бири - Урустам Кабылбеков . Ал 1961-жылы 14-февралда төрөлгөн. Кабылбеков Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти.

Дагы бир талапкер - Ильгиз Товкеев. Ал 1985-жылы төрөлгөн. Учурда убактылуу иштебейт.

Ошондой президенттикке талапкерлигин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов койгон. Ал 1984-жылы төрөлгөн. Убактылуу иштебейт.

Буга чейин президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 18 киши арыз тапшырган:

1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;

2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;

3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;

4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;

5. Арстан Алай — активист;

6. Бакыт Бакетаев — саясатчы;

7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;

8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;

9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;

10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;

11. Кубан Чороев — экономист;

12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;

13. Назарбек Нышанов — активист;

14. Нурлан Мотуев — активист;

15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;

16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;

17.Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;

18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.

Пикир

Оставить комментарий