• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо 2021. Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна мыйзам бузуу боюнча 61 кайрылуу түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна президенттик шайлоо жана референдум боюнча 61 мыйзам бузуу фактысы түшкөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун мүчөсү, БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, ар бири кайрылууга тийиштүү көңүл бурулуп, бирөө дагы көз жаздымында калган жок.

"61дин ичинен 39у Ички иштер министрлигинин маалыматтарды каттоо китепчесине катталды, 10у Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, бирөө башкы прокуратура тарабынан аныктама түзүлгөн, алтоо БШК жана аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган, бирөө Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен жооп келген, алтооно аймактык шайлоо комиссия текшерүү жүргүзүүдө", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий