• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

БШКда президентти шайлоо жана референдум боюнча суроолор үчүн колл-борбор иштейт

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Боршайкомдо 1255 кыска номеринде колл-борбордун (байланыш борбору) ишеним телефону иштейт. Жарандар Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) тиешелүү маселелери боюнча жоопторду, кеңештерди алышат. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, БШКда колл-борбордун ачылышынын максаты – жарандардын шайлоо процессинин жүрүшү жана добуш берүүгө катышуунун эрежелери, ошондой эле шайлоого жана референдумга катышуусун активдештирүү.

Жарандарга жоопторду КРнын БШКсынын адистери беришет. Ошондой эле колл-борборго жумушка сырттан ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар, аялдар жана жаштардан өкүлдөр тартылган.

Шайлоонун жүрүшүнө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, ошондой эле жаштардын, аялдардын жана калктын башка аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн катышуусун колдоо, айрым категориядагы жарандарды шайлоо процесстерине тартуудагы маанилүү элемент болуп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий