• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан менен Тажикстан чартердик аба каттамдарын жандандырат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Пандемия башталгандан бери Ташкенттен Душанбеге алгачкы аба каттамы 5-январда уюштурулат. Бул тууралуу “Өзбекстан аба жолдору” компаниясы билдирди. Азырынча чартердик аба каттамдарын гана ишке ашырууга уруксат берилди.

Жүргүнчүлөр чек арадан өтөрдөн мурун коронавируска карата эксперсс-тест тапшыруусу керек болот. Бул эреже ПЧР-тесттен өткөндөргө да тиешелүү.

Эки өлкө ортосунда ырааттуу аба байланышы качан жанданары азырынча белгисиз.

Ташкент менен Душанбенин ортосунда аба байланыштары 2017-жылы калыбына келип, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылы 16-мартта токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий