• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кемпир сумкасын уурдайын деген адам менен кармашып, ооруканага түштү — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.08.22. /Кабар/. Бишкекте кемпирдин сумкасын уурдоого шектелип 28 жаштагы эркек кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 24-июлда саат 16:30дар чамасында 30-35 жаштагы адам пенсионердин сумкасын уурдоого аракет кылган.

Видеодо байкалгандай, кемпир үйгө кирип жатканда аркасынан белгисиз бирөө келип, сумкасын тартып алганга аракет көргөн. Бирок анын аракети ишке ашкан эмес.

Пенсионер жерге кулап, баш мээси чайкалып, акыреги сынган. 71 жаштагы В.Т. аттуу пенсионер ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (“Уурдоо”) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 28 жаштагы И.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү буга чейин дагы кылмыш иштерге тартылганы аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий