• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте классикалык музыканын концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 26.05.22. /Кабар/ Бишкекте 26-27-майда Эски аянтта ачык асман алдында президенттик “Манас” оркестринин жандуу классикалык музыканын концерти өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Концерттин максаты – ар бир адамдын жана жалпы коомдун маданий жана руханий потенциалын өнүктүрүү жана ишке ашыруу болуп саналат.

Иш-чара Кыргызстандын президентинин администрациясынын колдоосу менен өткөрүлөт.

Оркестрдин көркөм жетекчиси, башкы дирижеру, КР Эл артисти – Эрнис Асаналиев.

Концерт саат 19:00дө башталат. Кирүү акысыз.

Пикир

Оставить комментарий