• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографтарынын “Үмүт” форуму расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда "Ала- Тоо" кинотетарында X эл аралык КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографтарынын "Үмүт" кинфоруму расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Эл аралык кинофорум КР эл артсти, кинорежиссер Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналды.

Форумдун ачылышына мданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү.

Министрдин орун басары аталган форумдун 10 жылдык мааракеси КР эл артисти, кыргыз кино искусствосунун мэтри Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына туш келгенин кинематография коомчулугу үчүн маанилүү иш-чарага арналганы символикалуу мүнөзгө ээ экендигин белгиеледи.

"Биз үчүн жаш кинематоргафисттерге КМШ өлкөлөрүнүн катышуучулары менен кызматташуу жана маданий тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүү абдан маанилүү. Сунушталган кино саамалыктар көрөрмандарды кайдыгер калтырбайт жана көптөгөн жагымдуу сезимдерди тартуулайт, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн "Үмүт" форуму элдердин рухий биримдигине салым кошот", - деп кошумчалады.

Өз кезегинде Геннадий Базаров уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, бардык киноишмерлерге чыгармачылык ийгилик каалап, эл аралык деңгээлде өтүп келген кино форум анын 80 жылдыгына арналганын кубануу менен кабыл алганын айтты.

Эске салсак, кинофорум 10 жыл ичинде кино ишмерлердин жана жаш муундардын ортосундагы диалогду өнүктүрүү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды.

Пикир

Оставить комментарий