• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Ленская көчөсү оңдолот

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Бишкектин Ленская көчөсү оңдолот. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май акимиатында Ленская көчөсүн оңдоо боюнча отурум өттү. Жыйындын жүрүшүндө Фучик көчөсүнөн баштап Чоң Чүй каналына чейинки узундугу 1000 метрди түзгөн Ленская көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгы менен шаар тургундарына канализацияга туташтыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынып, андан соң Ленская көчөсүн капиталдык оңдоону баштоо пландалууда.

Белгиленгендей, буга чейин “Бишкексууканал” башкармалыгы канализациялык коллекторду куруу иштерин жүргүзгөн, учурда жолду капиталдык оңдоо маселеси курч турат.

Жумушчу кеңешмеге райондун акими Максатбек Сазыкулов, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын, «Бишкекбашкырхитектура» мамлекеттик мекемесинин, «Бишкексууканал» ӨЭБнын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий