• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР менен РФнын кайчылаш жылы Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат – Жаманкулов

Маданият 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын кайчылаш жылы Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, кайчылаш жылынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга Кыргызстандан 200дөн ашык маданий кызматкер катышат.

"Кайчылаш жылы Россия үчүн КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчи болуп Кыргызстан менен өткөрүп жатат. Кыргызстан көптөгөн өлкөлөр менен маданий иш-чараларды өткөрүп келгени менен эгемендик алгандан бери алгачкы жолу кайчылаш жылын белгилеп жатат", - дейт министр.

Жылдын алкагында Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театры, Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры жана жаштар, куурчак театрынын кызматкерлери Россиянын региондоруна бараарын министр кошумчалап кетти.

"Кыргыз сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү Москва жана Санкт-Петербург шаарында өтөт. Ошондой эле эки өлкөнүн кино күндөрү болот. Кыргызстандын маданий кызматкерлери Россияга барса, Россиянын маданий кызматкерлери бул жакка келип, ар кандай иш-чараларды өткөрөт", - деп билдирди Жаманкулов.

Жаманкулов белгилегендей, Кыргызстан менен Россиянын китепканалары ортосунда мастер класстар жана жарманкелер уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий