• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто 17 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголь тартып алынды

Аймак 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Ош шаарында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампа аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада күмөндүү акциздик маркалар менен "Балыкчы алко трейд" ЖЧКсы өндүргөн 17 миң 213 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий