• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте коменданттык саат 22:00дөн 05:00гө чейин уланат

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык сааттын убактысы 22:00дөн эртең мененки саат 05:00гө чейин уланат. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ишин уланта берет. "Бишкек шаарынын комендантынын тиешелүү буйругу даярдалып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында 12-октябрдын кечки саат 20:00дөн 19-октябрдын таңкы саат 07:00гө чейин өзгөчө абал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий