• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн эртең менен «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 126 троллейбусу, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын 569 автобусу (анын ичинен 4 мектеп), «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын 286 кичи автобусу, «Эко жүргүнчүлөр жеткизүү» ЖЧКсынан 127 жеке автобус жана «Аламүдүн автотранс» муниципалдык ишканасынан 4 автобус каттамга чыккан.

Кошумчалай кетсек, шаардын аймагында 671 кичи автобус иштейт.

Белгилей кетсек, муниципалдык коомдук транспорттун иштөө убактысы аба ырайынын шарттарына карабастан өзгөрүүсүз калат.

Коомдук транспорттун иштөөсү боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:
- Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти: 0312533653;
- «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы 0550355331;
- «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы 708 256 087.

Пикир

Оставить комментарий