• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек – Алматы жолу аба ырайына байланыштуу убактылуу жабык

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Бишкек – Алматы унаа жолу аба ырайынын начарлашына жана "Кордай" ашуусунун жабылганына байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

УКМКнын Чек ара кызматы айдоочуларга аба ырайынын шарттарын эске алуу менен сапарларды жана маршруттарды пландаштырууну, жолдун ар кайсы тилкелеринде узакка токтоп турууга даяр болууну, ошондой эле эң керектүү нерселерди (тамак-аш, жылуу кийимдер, суу, күйүүчү-майлоочу майлар) камдап алууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий