• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК Сокулуктагы "Новопавловка коммуналдык ишканасынын" мурдагы жетекчисин кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Чүй облусунун Сокулук районундагы "Новопавловка коммуналдык ишканасы" муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси О.С.О. тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жергиликтүү бюджеттин каражатын өзүлөрүнө ыйгарып алуу боюнча коррупциялык схема түзүшкөн.

Аталган коррупциялык схемада айрым ЖЧКлар менен келишим түзүлүп, алар менен курулуш жана электр монтаждоо иштерин аткаруу, курулушка керек болгон материалдарды жеткирүү сыяктуу жалган келишим түзүлүп, анын алкагында ЖЧК тарабынан акча каражаттары накталай берилип, бирок иш жүзүндө жасалган курулуш иштерине "Новопавловка коммуналдык ишканасы" МИнин жумушчулары тарабынан аткарылып, ошол эле учурда накталай акчанын 10% ЖЧКнын жетекчилерине акчаны адалдоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн которулган.

Ошондой эле ишкерлер менен "Новопавловка коммуналдык ишканасы" МИнин ортосунда түзүлгөн келишимдерде, аткарылган иштердин актыларында жана кассалык-чыгаша ордерлеринде жасалма кол коюу фактылары болгон.

Аталган фактылар боюнча аудитордук текшерүү демилгеленип, анын жыйынтыгында 90 млн. сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталган. Жыйынтыгында КР Кылмыш жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 14-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында О.С.О. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий