• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспортту текшерүү уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспортту текшерүү уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө аялдамаларда туура токтоо, унаалардын техникалык абалы, GPS-трекерлердин иштеши, санитардык нормалардын сакталышына жана накталай акча менен төлөөнүн тартибине өзгөчө көңүл бурулууда. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда протоколдор түзүлүп, айдоочуга эскертүүлөр берилүүдө.

Мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан уюштурулган рейддерге «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы», «Бишкек троллейбус башкармалыгы» жана Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы муниципалдык ишканалары катышууда.

Коомдук тартипти камсыздоого Милициянын кайгуул кызматы да тартылган.

Күн сайын өткөрүлүүчү рейддер коомдук транспорттордогу тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий