• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тогуз күн ичинде ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 47 бала аныкталды

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунда “Кайырчы” профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, иш-чара 3-марттан 11-мартка чейин бир гана тилемчилик кылгандарды эмес, туруктуу жашаган жери жок, ошондой эле үйдөн чыгып кеткен өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүз жана түнкүсүн өткөрүлдү.

Рейддин алкагында туруктуу жашаган жери жок жана кайырчылык менен алектенген 48 адам аныкталды. Мындан сырткары, ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 47 бала милицияга алып келинген. Анын ичинен алты бала социалдык үйгө, 17 бала жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна, калган 24ү ата-энелерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий