• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коронавирус менен ооругандар үчүн 247 орундук бош

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн 247 орундук бош. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, борбор калаада 17 стационарда жалпы 2 миң 336 орундук даярдалган.

“Саат 8:00гө карата 247 орундук бош турат, анын 47си интенсивдүү керебет. Стационарларда 338 дарыгер, 594 медайым жардам көрсөтүүдө”, - деп айтат ал.

Рахматуллаев ошондой эле өлкө боюнча резервде 1 миң 850 орундук даярдалганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий