• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жасалма номер тагылган Honda Fit унаасы кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бишкекте жасалма номер тагылган Honda Fit унаасы кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11- июлунда кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 16:15 чамасында Сүйөркулов көчөсүнөн жол эрежесин бузган Honda Fit автоунаасын токтотушкан.

Кызматкерлер автоунаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1971-жылы туулган Б.У. аттуу айдоочу автоунаасынын мамлекеттик номерин башка жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий