• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КР эл артисти, композитор Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишек, 09.11.21. /Кабар/. Кечээ, 80ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери, композитор Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, маараке КР Мамлекеттик катчсы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият министри Азамат Жаманкулов, коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышуусунда өттү.

Обончу, композитор, дирижер Жумалиев Сардарбек Кант районунан Жар-Башы айылында 1941-жылы 5-февралда туулган.

Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959–1962-жж. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

Ал 17 жашында 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин маданиятынын жана адабиятынын күндөрүнүн 2-декадасына катышкан. Эмгек жолун 1959-жылы М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964–1967-жж. Советтик Армияда кызмат өтөгөн.

1968–1972-жж. тунгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген. 1972–1975-жж. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессор М.Абдраевден, профессор К.Молдобасановдон, факультативдик-дирижерлук боюнча профессор И.Давлесовдон окуган.

1975–1977-жж. Республикалык Эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген. 1977-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру болуп эмгектенип келет.

1984-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтун сырттан окуп бүтүргөн. Анын «Таң сыры», «Сары-Челек», «Сен менин жазылбаган ырларымсың», «Жаңы жылды тосолу», «Ысык-Ата Арашан», «Махабат мекени», «Кетпейм сага жолукмайынча» ж.б. жүздөн ашык обондору бар. Ал тарабынан Чүй облусунун «Сары Өзөн» гимни, «Кыргыз Улуттук университетинин гимни», «Токой чарбасынын гимни», «Манас балдар мектебинин гимни», «Кыргызпатентинин гимни», Бишкек шаарынын «Бишкегим» аттуу гимндери жазылган. Ал 1987-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти» наамын, 1990-жылы А.Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыгын, 1990-жылы «Эмгектин ардагери» медалын, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалын, 2007-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын сыйлыгын жана III даражадагы "Манас" орденинин кавалери наамын алган.

Пикир

Оставить комментарий