• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ миссиясына Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин миссиясына Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу БШК аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова КМШ миссиясынын өкүлдөрү – КМШ аткаруу комитети бөлүмүнүн башчысы Евгений Козяк жана КМШ аткаруу комитетинин кеӊешчиси Олег Кулеба менен жолугушту.

БШК төрайымы 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү, республиканын шайлоо тутумун реформалоонун жыйынтыгы, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарындагы жаӊылыктар тууралуу айтып берди.

"Негизги басым 2021-жылдын 29-октябрынан 27-ноябрына чейин өтүүчү үгүт өнөктүгүнө жасалды. Учурда эӊ маанилүү үгүттөө этабы – дебаттардын мезгили. Аймактык телеканалдарда биринчи жолу 36 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча теледебаттар өтөт. Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү, анткени, сурамжылоолор боюнча шайлоочулар талапкерлер тууралуу маалымат алуунун негизги булагы катары дебаттардан көптү күтүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Партиялар ортосундагы дебаттар үч этап менен эки улуттук телеканалда – ЭлТР (жаштар жана аялдар дебаттары) жана КТРК (партия лидерлери ортосунда) өтөт.

КР БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер тууралуу жана бүткүл аймактарга жайылтыла турган саясий партиялардан чыккан талапкерлердин тизмеси менен материалдардын чоӊ тиражын даярдоодо. Ошондой эле «Талапкер» сайты да иштейт, мында талапкерлердин жана партиялардын шайлоо фонддору тууралуу толук маалымат жайгаштырылган.

Шайлоо фонддорунун кирешелери жана чыгымдалган каражаттары боюнча маалыматтары банктан автоматтык түрдө келип түшүп, дароо эле Боршайкомдун сайтында чагылдырылат. Бул шайлоо өнөктүгүнүн дагы бир жаӊылыгы – банктык операциялардын автоматташтырылышы.

Ошондой эле Жогорку Кеӊештин депутатынан же Президенттен, жергиликтүү кеӊештин депутаттарынан башка саясий кызматкер, мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) үлүшү 30 пайыздан көбүрөөк мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери болгон талапкерлер Жогорку Кеӊешке шайлоого көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтарын аткарууну жана ыйгарым укуктарын токтоткон. Мамлекеттик кызматтын (жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык) түрүнө карабастан, мамлекеттик кызматкер, муниципалдык кызматкер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери болгон талапкерлер Жогорку Кеӊешке шайлоого көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматын аткарууну токтотуп турат.

Учурда КР БШКга бузуулар боюнча 56 кайрылуу келип түштү, алардын айрымдары кайталанды. Округдук жана аймактык шайлоо комиссияларынын, бардык деӊгээлдеги укук коргоо органдарынын өкүлдөрү камтылган ыкчам чара көрүү топтору иштейт. Бул комиссиялардын жана укук коргоо органдарынын карым-катышын камсыздоого мүмкүндүк берет, келип түшкөн сигналдардын баары катчылыкта иликтөөгө алынат, бузуулар болгон жер боюнча сигналды карай турган органдын компетенциясы аныкталат, териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат катчылыкка берилет.

Талапкерлер жана саясий партиялар боюнча даттануулар Борбордук шайлоо комиссиясында, башка субъектилер тарабынан – даттануулар аймагы боюнча шайлоо комиссияларында каралат.

“КМШ миссиясы ишке киришти, мында Парламент аралык Ассамблея өкүлдөрү катышат, 120 байкоочунун катышуусу пландаштырылууда, миссиянын штабы ишин баштады. Бул Кыргызстандагы 15 миссия жана кызматташтык мейкиндигиндеги 115 миссия», - деп белгиледи Евгений Козяк.

Пикир

Оставить комментарий