• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Ч.Айтматовдун элесине арналган "Түбөлүк өмүр симфониясы" аталышындагы көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган "Түбөлүк өмүр симфониясы" аталышындагы көргөзмө өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында аталган көргөзмөнүн автору, казакстандык сүрөтчү Аманат Назаркул билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө 11-декабрда саат 15:00дө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде башталат.

"Былтыр Чыңгыз Айтматов 90 жашка чыкмак. Анын урматына Астанада (Нур-Султан) жеке көргөзмө уюштургам. Көргөзмөгө Кыргызстандын Казакстандагы элчиси, консул жана башка урматтуу коноктор чакырылган. Ал иш-чара быйыл Нооруз майрамында да уланган", - деди Назаркул.

Сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү, скульптор Марлен Бакачиев белгилегендей, Аманат Назаркулдун сүрөтүндө чоң күч жатат.

"Аманат агай ар тараптуу сүрөтчү, скульптор-монументалист. Сүрөтүндө чоң эмгек жатканын көрүүгө болот. Жакында агайыбыз Кипрде өзүнүн эмгеги үчүн гран-при утту. Ата-бабаларыбыздын тарыхын жакшы билгендиги анын эмгектеринен көрүнүп турат", - дейт Бакачиев.

Белгилей кетсек, Назаркул Чыңгыз Айтматов менен алгач 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы өтүп жатканда жолуккан.

"Айтматов менен тыгыз байланышта болгом. Көп жолу журналисттер менен келип жазуучу менен маек курганбыз. 1995-жылы ал адамга арнап "Түбөлүк өмүр симфониясы" сүрөтүн тартканмын. Бирок, эртең ал сүрөт биринчи төңкөрүштө жоголуп кеткендиктен көргөзмөгө коюлбайт", - деп билдирди казакстандык сүрөтчү.

Пикир

Оставить комментарий