• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КР президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин биринчи жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бишкекте КРнын президентине караштуу Актикоррупциялык ишкердик кеңешинин биринчи жыйыны өтүп жатат.

Кеңештин башчысы Нурийпа Муканова максаттар жана милдеттер тууралуу кыска айтып берди.

Белгилей кетсек, жаңы түзүлгөн кеңештин негзги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын жакшыртуу, коррупцияга каршы аракеттенүү маселесинде мамлекеттик органдар менен жарандык коомдук ортосундагы натыйжалуу диологду камсыздоо, инвестициялык климатты жана ишкерлердин ишмердүүлүн коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу болуп саналат.

Нурийпа Муканованын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү дагы кирген кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн сунуштарын бере алышат, алар президенттин төрагалыгы астында каралат.

Кеңештин чечимдери сунуш берүүчү мүнөздө болуп, ал эми аларды ишке ашыруу боюнча катчылык иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий