• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте КР сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбековдун көргөзмөсү өтүүдө

Маданият 0


Бишкек, 20.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде КР эл сүрөтчүсү Сүйүтбек Төрөбековдун жеке көргөзмөсү ачылды.

Ачылыш салтанатына анын кесиптештери, көркөм искусствого эмгек сиңирген ишмерлер, ошондой эле шакирттери катышышты. Сүрөтчүнү куттуктоо үчүн 200гө жакын адам келген.

Көргөзмөгө автордун портрет, сюжеттик эмгек, пейзаж, натюрморт жанрларындагы бардык эмгектери коюлган.

Көргөзмөнүн эшиги 4-ноябрга чейин ачык болмокчу.

(сүрөт, видео Роман Гайнановдуку)

Пикир

Оставить комментарий