• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-эмират кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24-май /Кабар/. Бишкекте бүгүн КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары эки жактуу кызматташуулардын актуалдуу маселелерин, эл аралык мамилелер, коопсуздук жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелери жөнүндө баарлашышты

Тараптар КР Президенти А.Атамбаевдин БАЭге 2014-жылдын декабрындагы расмий сапарынын алкагында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышын талкуулашты.

2016-жылы БАЭдеги КР элчилигинин ачылышынан соң эки жактуу байланыштардын жакшыргандыгын белгилешти.

Ошондой эле, тараптар экономикалык, энеретика, туризм, кайра иштетүү өнөр жайы жана айыл чарба долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдарлык билдиришти.

Эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелерин активдештирүү, инвестицияларды кеңейтүү максатында БАЭ ТИМ башчысынын КРга сапарынын алкагында бизнес-форумду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

КР жана БАЭ тышкы иштер министрлери жакын арада Биргелешкен кыргыз-эмират өкмөттөр аралык экономикалык кызматташтык комиссиясынын жыйынын өткөрүүнүн олуттуулугун айтышты.

Эки өлкөнүн коопсуздукту камсыздоо, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу, мамлекеттик кызматтардын деңгээлин жана сапатын жакшыртуу талкууланды. Мындан тышкары, тараптар тажрыйба алмашуу жана “Таза Коом” улуттук долбоорун ишке ашырууда усулдук көмөк көрсөтүү үчүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн, эксперттердин сапарларын уюштурууга кызыгуу билдиришти.

Эки өлкөнүн байланыштарын жакшыртуу максатында тараптар Бүткүл дүйнөлүк ак илбирсти жана анын эко тутумун сактоо боюнча глобалдык саммитине (Бишкек, 25-август 2017-жыл) жана ЭКСПО-2020 Дубай эл аралык көргөзмөсүнө катышуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жыйынтыгында, КР жана БАЭ ТИМ башчылары КР Тышкы иштер министрлиги менен БАЭ Тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министрлигинин ортосунда кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий