• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-малайзиялык эки тараптуу министрликтер аралык консультациялар өттү

Саясат 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын жана Малайзиянын тышкы иштер министрликтеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи кыргыз-малайзиялык эки тараптуу министрликтер аралык консультациялар болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми малайзиялык тарапты Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу байланыштар боюнча башкы катчысынын орун басары Дато Ахмад Розиан бин Абд Гани жетектеп барды.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну кеңири талкуулашты. Ошондой эле жакынкы аралыкта өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Негизги көңүл эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоого бурулду. Министрдин орун басары Авазбек Атаханов өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө делегациялар өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда бири-бирине зарыл жардам көрсөтүүнү макулдашты. Ошону менен бирге өз ара сооданы жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, кызматташуунун эң келечектүү багыттары катары туризм, энергетика, айыл чарба, халал индустриясы, фармацевтика жана маалымат технологиялары жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий