• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун сүйлөшүүсү өттү

Саясат 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. 2022-жылга пландалган графикке ылайык, Бишкек шаарында 2022-жылдын 25-майынан 30-майына чейин Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтө тургандыгы пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий