• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда "Мектеп лигасынын" финалдык оюндары старт алды

Спорт 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада “Мектеп лигасынын” финалдык оюндарынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Парадды Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Мектеп лигасы федерациясынын вице-президенттери жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов кабыл алды.

Параддан соң бардык катышуучулар финалдык оюндарды өткөрүү үчүн өздөрүнүн аянттачыларына бет алды.

Мелдешке спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча «Мектеп лигасынын» облустук этабынын жеңүүчүлөрү болгон Кыргызстандын облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын командалары катышууга укуктуу:

Чоң футбол (балдар);
Баскетбол (балдар, кыздар);
Волейбол (балдар, кыздар).

3-июнда Д.Өмүрзаков атындагы башкы аренада 1-2-орундар үчүн финалдык оюндар, салтанаттуу сыйлоо жана жабылуу аземи болот.

Пикир

Оставить комментарий