• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын достугун даңазалаган концерт өттү

Коом 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын достугун даңазалаган концерт өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, эки элдин достугун бекемдөөгө арналган салтанаттуу маданий иш-чара 1-февралда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн. Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латив Гандилов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиев, көрүнүктүү маданият ишмерлери жана Кыргызстандагы азербайжан диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Концертте Азербайжан Республикасынын эл артисти Ялчин Адигезаловдун дирижёрлугу астында Азербайжандын классикалык музыкасынын атактуу аткаруучулары классикалык чыгармаларды тартуулашып, көрүүчүлөрдүн маанайын жаркытты.

Эске салсак, Кыргызстан менен Азербайжандын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө быйыл 30 жыл болду. Эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Илхам Алиев буга чейин Кыргызстанда жана Азербайжанда жолугушуп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын бекемдеген бир катар маанилүү келишимдерге кол коюшкан.

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен өнүктүрүү фондун түзүлүп, Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылган.

Пикир

Оставить комментарий