• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Руслан Казакбаев Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев президенттик сарайда Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар дос жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы көп кырдуу, анын ичинде соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун бардык маселелери талкуулашты.

Ошондой эле Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүүнү тездетүү, Кыргызстандын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону камсыз кылган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну кайра ишке ашыруу маселелери дагы каралды.

Элчи Казакбаев жыл сайын берилүүчү квотаны көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташуу, Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу, ошондой эле түрк ишканаларына байланышкан талаштуу учурларды чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий