• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Кыргызстандын тарыхы сүрөттөрдө. Балдар” аттуу сүрөт көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи тарабынан “Кыргызстандын тарыхы сүрөттөрдө. Балдар” аттуу сүрөт көргөзмөсү тартууланууда.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, көргөзмө 1946-жылдан тарта - ЮНИСЕФ негизделгенден бери тартылган 50 архивдик фотосүрөттөн турат.

Көргөзмө балдардын сейрек кездешүүчү сүрөттөрү аркылуу өлкөнүн тарыхын чагылдырат. Сүрөттөр совет доорундагы, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы жана азыркы мезгилдеги балдардын жашоо-турмушун ак-кара түстөн баштап түстүү сүрөттөр менен ачып берет.

Сүрөт көргөзмөсү бүгүн, 17-декабрда саат 14.00дө ачылат жана эки жумага созулмакчы.

Пикир

Оставить комментарий