• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кытай жараны пара берип жаткан учурда кармалып, эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 35 миң сом пара берип жаткан учурда Кытайдын жараны кармалды, деп маалымдайт КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан.

Маалыматка ылайык, КЭРнын жарандары мыйзамсыз түрдө өлкөгө келип, калаадагы базарлардын биринде ишмердигин жүргүзүп келишкен. Мурда административдик мыйзам бузуу боюнча түзүлгөн протоколдун оң жагына чечилиши үчүн “пара” берүүгө аракеттенген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.

Кытайдын жаранынын баш коргоо чарасы аныкталып, ал эки айга МЖАКнын СИЗО-1 камалды.

Учурда каржы полициясы иликтөө иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий